Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Ташкентке учуп кетти

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча КРнын өкмөттүк делегациясынын башчысы Өзбекстан Республикасында сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясынын башчысы, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 22-марттын алдында Ташкентке учуп кетти . 

Анын иш сапарынын жүрүшүндө, ошондой эле кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын биргелешкен жыйыны болот.

Өкмөттөр аралык делегациялардын жыйыны ушул жылдын 24-25-мартында Ташкент шаарында өтүп, анда кыргыз делегациясын УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, өзбек делегациясын - Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов жетектейт. .

Жыйындын жүрүшүндө өкмөттүк комиссиялар кыргыз-өзбек чек арасынын калган тилкелерин делимитациялоо маселесин талкуулашат.

Белгилей кетсек, Президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон мамлекеттик иш сапарынын жүрүшүндө эки өлкөнүн башчылары жакынкы аралыкта аякталышы пландаштырылып жаткан өкмөттүк делегациялардын ишин активдештирүүнү макулдашышкан.

Өкмөттүн басма сөз кызматы
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх