Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК депутат Марат Аманкуловду суракка чакырган-чакырбаганы боюнча жооп берген жок

Департамент тергөө жүрүп жатат деп гана жооп берди.

Өткөн жума күнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан депутат Марат Аманкулов мыйзамсыз баюуга шектелгени белгилүү болгон. Коопсуздук кызматкерлери жалпы наркы 1,5 миллиард сомдон ашкан мүлктөрдү аныкташты: соода-көңүл ачуу комплекси, Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунда жайгашкан 14 жер тилкеси, 3 кеңсе жана 4 имарат, 5 батир, Каприздеги коттедж », 3 особняк, ошондой эле 5 унаа.

Буга байланыштуу Vesti.kg  Аманкуловду суракка чакырган-чакырбаганы боюнча УКМКга кайрылды. Департаменттен учурда тергөө иштери жүрүп жатат, кошумча маалыматтар кийинчерээк берилет деп гана жооп беришти.

Белгилей кетсек, Марат Аманкуловдун өзү менен 19-марттан бери редакциядагы телефон номери боюнча байланышуу мүмкүн болгон жок.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх