Ош облусунда мектеп 27 миң сомго сатылды. Тургундар буга нааразы болушууда
Төлөйкөн айыл өкмөтү тендерге эки гана адам катышкандыгын белгиледи
Ош облусунун Карасуу районундагы Өзгур айылында аукцион өтүп, мектеп 27 миң сомго сатылды. Бул тууралуу ата мекендик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Жергиликтүү калк митингге чыгышты. Элдер аукцион жөнүндө маалымат берилген жок деп нааразы болушууда, анткени айыл округунун башчысынын кызыкчылыгы ошол жакта болгон имиш.
"Мурда мектеп бар болчу, бирок көп жылдар бою авариялык абалда болчу" дешет тургундар. - Айыл башчысы аукцион уюштурган, бирок ал өткөндөн кийин билдик. Бизге тендер жөнүндө маалымат гезитке жарыяланган деп айтылат, бирок эч кимибиз бул гезитти окубаптырбыз. Сыягы, алар жөн гана тендер жөнүндө билишибизди каалашкан жок. Бул жерге жабык футболдук аянтча кургубуз келди. Эгерде бизге аукционго катышуу мүмкүнчүлүгү берилсе, биз катышмакпыз. Аукциондун баасы 27 миң сомду түзгөн, бирок биз эсептеп көрсөк бир гана кирпичи 400 миң сомго бааланат. Айыл өкмөт башчысы бизге бул аукционго өзү кызыкдар экендигин ачык айтты. Аукционго катышмакпыз, 100 миң сомго чейин төлөөгө мүмкүнчүлүгүбүз бар.
Ал арада Vesti.kg сайтынын редакциясы Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысы Зулпукар Мазаев менен байланышты.
"Мектептин имараты авариялык абалда болгондуктан, ал жакта иштөө мүмкүн эмес болчу", - деп түшүндүрдү ал. - Анын ордуна биз бала бакча кургубуз келет. Ага акча былтыр бөлүнүп, бирок курулуш иштери кийинкиге калтырылган. Биз аукцион өткөрдүк. Шаардан келген көз карандысыз комиссия иликтөө жүргүзүп, 27 миң сомго баалаган. Аукцион жөнүндө гезитке кабарлаганбыз, жарнама ошол жерде бир ай жүргөн. Анан, жашоочулар тендерден кийин пайда болуп, биз дагы катышабыз деп айта башташты. Аукционго катышууга үч адам арыз берген, бирок экөө катышкан. Кечээ биз жашоочуларга бардык документтерди бердик. Алар бизди түшүнөт деп ишенем.
Мирайым Алмаспек кызы
фото www