Муфтият ажылык сапарда коммерциялык маселелерин чечүү укугунан ажыратылышы мүмкүн
Уламалар кеңешинин мүчөсү Марс Ажы Ибраев мамлекеттик деңгээлдеги чыр-чатак акчанын айынан чыккандыгын белгилейт
Vesti.kg менен болгон маегинде Уламалар кеңешинин мүчөсү Марс Ажы Ибраев муфтиятты ажылык маселелери боюнча коммерциялык иштерди жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуу боюнча сунуш киргизилгендигин айтты.
"Уламалар кеңешинин акыркы отурумунда мен муфтияттан ажылык сапарда соода иштерин жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн алып салуу сунушун киргиздим" дейт Ибраев.
-Жаңы муфтий жана анын командасы жактыргандан кийин сунуш иштей башташы мумкун. Муфтият квоталарды байкап турса, келишимдерге кол койсо, ал эми техникалык жана коммерциялык жумуштарды башка атайын департамент караса жакшы болмок. Учак билеттеринин акысы, зыяратчылардын жашаган жери - мунун бардыгын фирмалар, муфтияттын алдындагы бөлүм же башка орган көзөмөлдөсө жакшы болмок. Каржы маселеси боюнча муфтият жооптуу болбошу керек, анткени мамлекеттик деңгээлдеги бардык чыр-чатактар жөн гана акчага байланыштуу болгон.
Уламалар кеңешинин мүчөсү бул чечим мамлекеттик органдардын жана элдин макулдугу менен кабыл алынышы керек деп белгилейт.
"Отурумда Уламалар Кеңешинин кээ бир мүчөлөрү менин көз карашыма кошулушту" деди ал. - Жыйында диний маселелер боюнча комиссия иштеп, ал дагы бизди угуп, менимче, протоколго сунуштарын киргизди. Муфтияттан ажылыкты алып салыш керек, ошондо ДИБМКнын башчысынын аты таза болот.
фото www