Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаровдо COVID-19га карата антителосу жетиштүү болгондуктан, ал эмдөөдөн өтпөйт

Ошол эле учурда, президенттин аппараты президент кайсы учурда вакцина алаарын түшүндүрдү

Мамлекет башчысынын басма сөз — катчысы Галина Байтерек Кыргыз Республиксынын Президенти Садыр Жапаровду эмдөө маселесине байланыштуу түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, лабораториялык кан анализдеринин изилдөөсүнө ылайык, Садыр Жапаровдо коронавирус инфекциясына каршы антителолор буга чейин бул илдетке кабылгандыктан жетиштүү көлөмдө табылган.

«Дарыгерлердин кеңеши боюнча учурда Президентте эмдөөдөн өтүүнүн кажети жок. Эгерде убакыттын өтүшү менен антителолордун саны жоголсо же сезилерлик азайса, анда Садыр Жапаров коронавируска карата сөзсүз түрдө эмделет», — деп баса белгиледи Галина Байтерек.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 29-мартында Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги өлкөдө коронавирус инфекциясына каршы эмдөөнүн биринчи этабын баштайт. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев биринчи болуп эмдөө алат.

1-этапта эмдөө төмөнкүлөргө пландаштырылууда:

— инфекция коркунучу жогору жана өтө жогору, кызыл зонада, Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда жана Үй-бүлөлүк медициналык борборлорунда иштеген медициналык кызматкерлер;

— тез жардам көрсөтүү кызматынын, оорунун же өлүмдүн оор түрлөрүнө чалдыгуу коркунучу жогору болгон интенсивдүү терапия бөлүмдөрүнүн медициналык кызматкерлери;

— узак мөөнөттүү медициналык адистер жана кызматкерлер;

— билим берүү уюмдарынын, укук коргоо жана коопсуздук органдарынын кызматкерлери.

Эмдөө ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт.

Президенттик аппараттын маалымат кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх