Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жолугушууда Мар Байжиев Садыр Жапаровго ден-соолук жана күч-кубат каалап, батасын берди

Эл жазуучусу президентке маданият, билим берүү тармактарын өнүктүрүү жана улуттук идеологияны калыптандыруу боюнча сунуштарын жеткирди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 26-мартта, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, белгилүү драматург Мар Байжиев менен жолугушту.

Жылуу маанайда өткөн жолугушууда Садыр Жапаров менен Мар Байжиев өлкөдөгү маданий, билим берүү чөйрөлөрүн өнүктүрүү чараларын жана коомдук-саясий процесстер жөнүндө талкуулашты.

Мамлекет башчысы Мар Байжиевдин улуттук маданиятка кошкон чоң салымын, анын искусство, илим жана билим берүү жаатындагы жигердүү ишмердигин канааттануу менен белгиледи.

Садыр Жапаров мамлекеттик деңгээлдеги ар кандай чечимдерди кабыл алууда улуу муундун пикир-кеңештерин жана тажрыйбасын эске алуунун өзгөчө маанисине токтолду.

Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиев бүгүнкү күндө өлкөнүн өнүгүүсүн калктын маданий жана руханий баалуулуктарынан бөлүп кароого болбой турганын белгиледи.

Ал Мамлекет башчысы менен ата мекендик маданият, билим берүү чөйрөлөрүн өнүктүрүүдө жана улуттук идеологияны калыптандырууда борбордук элемент «Манас» эпосунда камтылган акылмандык болушу керектиги жөнүндө сунуштары жана көз караштары менен бөлүштү.

Конституциялык реформа маселесине токтолгон Мар Байжиев, бүгүнкү күндө өлкө элдин мүдөөсүн канааттандырган жоопкерчиликтүү жана туруктуу бийликке муктаж экенин баса белгиледи.

Жолугушуунун аягында Мар Байжиев Садыр Жапаровго батасын берип, ага бардык пландалган реформаларды жүзөгө ашырууга күч-кубат, ден-соолук каалады жана өзүнүн «Манас, Семетей, Сейтек» аттуу китебин белек кылды.

Президент Садыр Жапаров жолугушууда айтылган бардык сунуштар тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан эске алынарын билдирди.

Президенттин маалымат кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх