Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ташиев: Эми Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда талаштуу жер тилкелери болбойт

УКМКнын төрагасы Ташкендеги сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары жөнүндө айтып берди

Ташкенде чек ара маселелери боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын делегацияларынын кезектеги жолугушуусу болуп өттү. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйында жолугушуунун жыйынтыгы жөнүндө айтып берди.

УКМКнын башчысы бул маселеде тигил же бул тараптын пайдасы жөнүндө сөз кылуу орунсуз деп белгиледи.

"Өзбек тарап суу сактагычтагы сууну 95% акысыз пайдаланат", - деди Ташиев. - Анжиян суу сактагычынын дамбасы биздики. Төмөнкү жер тилкелери сүрөттөлгөн: Кыргызстанга Көк-Сере айылы, 105 гектар, Баястан айылы - 212 гектар, Акташ айылы - 100 гектар, Кара берес айылы - 35 гектар, Гавасай айылы - Курулбай калган сол жээк каналынын эсебинен 8000 гектар Кыргызстанга кетет. Чашма булагын бөлүшүүгө макулдук бердик. Эми Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда талаштуу жер тилкелери болбойт.

Медина Купсулдаева
Сүрөт Vesti.kg

 
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх