Искендер Гайпкулов Президенттин АРИСтин Байкоочу кеңешиндеги өкүлү болуп дайындалды
Тиешелүү буйрукка Садыр Жапаров кол койду
Президенттик администрациянын стратегиялык өнүгүү саясаты, экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысы Искендер Гаипкулов Кыргызстандын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин байкоочу кеңешиндеги президенттин өкүлү болуп дайындалды. Бул маалыматты Гайпкулов өзү Vesti.kg сайтына тастыктады.
Анын айтымында, жогоруда аталган кызмат ага учурдагы уставга ылайык берилген.
"Мен бул кызматты уставга ылайык алдым" деп түшүндүрдү кызмат адамы.
АРИСтин негизги максаты - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүүдө жардам көрсөтүү аркылуу Кыргызстандагы жакырчылыкты жоюу. Байкоочу кеңештин мүчөлөрү жергиликтүү артыкчылыктуу маселелерди чечкен инвестициялык пландарды иштеп чыгышат.
Элдос Казыбеков
Сүрөт www