Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кубанычбек Жумалиев СИЗОдон Райымбек Матраимов дарыланып жаткан клиникага которулду

Алдын ала маалыматтар боюнча парламентарий оор операцияга даярданып жатат

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев тергөө абагынан жеке клиникага жаткырылды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына өз булактары кабарлашты.

Белгилүү болгондой, парламентарий ооруканага эки жума мурун которулган.

- Жумалиевге жүрөк-кан тамыр оорусунун диагнозу коюлган, - деп билдирди маалымат булагы. - Менин билишимче, ооруканага жаткырууга жүйөлүү себептер болгон. Азыр ал оор операцияга даярданып жатат.

Учурда элдин тандоосу "Бикард"клиникасынын дарыгерлеринин көзөмөлүндө - Бажы кызматынын башчысынын экс-орун басары Райымбек Матраимов ушул эле медициналык жайда дарыланууда.

Клиниканын башкы дарыгери Дамир Осмонов комментарий алуу үчүн жеткиликсиз болду.

Эскерте кетсек, депутат Кубанычбек Жумалиев коррупцияга шектелип кармалган.

Эльдос Казыбеков
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх