Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чүй облусунда рейд учурунда уюшкан кылмыштуу топтун беш мүчөсү милиция тарабынан кармалган

Кылмышкерлердин өкүлдөрүнө карата сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат

24-марттан 29-мартка чейин Чүй облусунда кылмыштуулуктун көрүнүшүн алдын алуу жана бөгөт коюу максатында ыкчам издөө жана алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлдү.

Рейддин жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан ИИМдин каттоосунда турган 5 адам уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары кармалган. Аларга карата сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.

Мындан тышкары, 17 кылмыштын бети ачылды, анын ичинде: тоноо-1, уурулук-9, алдамчылык-1, бейбаштар-1, баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана башка окшошторду сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо-2 ж.б.

Ушул сыяктуу иш-чаралар туруктуу негизде өткөрүлүп турарын белгилей кетели.

Чүй облусунун ИИББнын басма сөз кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх