Кармалган Ленин районунун акими Чынасыл Чыныбаев ээлеген кызматынан бошотулду
Анын ордуна Мелис Өскөмбаев дайындалды
Бишкек мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамынын 46-беренесине ылайык Чынасыл Чыныбаев Ленин административдик районунун башчысы кызматынан бошотулду.
Райондун акими болуп Өскөмбаев Мелис Кубанычбекович дайындалды. Тиешелүү буйруктарга мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов кол койду.
Эскерте кетсек, буга чейин УКМК Ленин районунун акими Чынасл Чыныбаевди кармагандыгы белгилүү болгон. Чекисттердин айтымында, чиновник үгүт иштери үчүн депутаттыкка талапкерлердин бирине бюджеттик каражатты мыйзамсыз бөлүп берген. Бул акча Бишкек шаарынын турак-жай конуштарынын бирин жакшыртууга багытталган.
Фото www