Сыймык Жапыкеев: "Чоң Казат" партиясы документтерин тапшырган жок
Ал белгилегендей, мурунку шериктештери азыр башка партияда
"Чоң Казат" партиясынын мурунку мүчөлөрү эми "Улутман" партиясынын мүчөлөрү. Бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасына Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын (Каржы полициясы) мурдагы төрагасы, Чоң Казаттын лидерлеринин бири Сыймык Жапыкеев жарыялады.
- Азамат балдар. Алардын бардыгы Чоң Казаттан. Алар БШКга документтер менен үлгүрбөй калышкан. "Улутман"партиясында - биздин мурунку "Чоң Казат" кыймылынын балдары бар.
Урматтуу жарандар, мен баардыгын колдоого чакырам!
Иш-чаралар менен далилденген ишенимдүү балдар бар. Азамат балдар, силерге ийгилик », - деп жазган.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз