Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Баткенде убактылуу коменданттык саат киргизилет

Аймакта аскердик машыгуулар өткөрүлөт

Баткенде коменданттык саат киргизилет. Бул тууралуу Баткен облусунун Ички иштер башкармалыгы билдирет.

Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, 1-апрелден 3-апрелге чейин Баткен районунун Бужум айылында "Коопсуздук-2021" күч структураларынын командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуулары өтөт.

Машыгууларга күч түзүмдөрүнөн 600гө жакын адам жана 100дөн ашык техника тартылат.

Машыгуулар өткөрүлгөн күндөрү Баткен шаарында жана Лейлек районунда посттор орнотулуп, коменданттык саат киргизилет. Жарандардын жүрүүсүн чектөө күнү жана убактысын Башкы штаб аныктайт.

Фото www

 
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх