Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Улукбек Марипов журналисттердин көзүнчө түз эмдөөгө даяр экендигин билдирди

Премьер-министр COVID-19га каршы вакцина алуу чечими анын антитело тестинин жыйынтыгын алгандан кийин кабыл алынаарын түшүндүрдү

Премьер-министр Улукбек Марипов Vesti.kg менен болгон маегинде коронавируска каршы вакцина алууну көздөп жаткандыгын айтты.

Анын айтымында, ал антителолордун бар-жогун текшерүүдөн өткөн. Эртең, 31-мартта, Мариповго COVID-19га каршы вакцина алабы же жокпу белгилүү болот.

"Мен сөзсүз коронавируска каршы вакцина алам" деди өкмөт башчы Vesti.kg сайтына. - Бүгүн эртең менен антителолорго анализ тапшырылды. Жыйынтыгы даяр болоору менен, белгилүү болот. Дарыгерлер мага антителолор жетиштүү болсо, анда вакцина алуунун кажети жок деп айтышты.

Мындан тышкары, Марипов дарыгерлер  ага вакцина алууну сунушташса, анда журналисттердин катышуусунда бул процесс түз эфирде көрсөтүлөрүн айтты.

"Эгерде эмдөөгө муктаждык болсо, анда бардыгы түз эфирде көрсөтүлөт", - деп ишендирди ал.

Эске салсак, эки жума мурун Кыргызстанга Кытайдын Синофарм вакцинасынын 150 миң дозасы келген. Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы Алымкадыр Бейшеналиев COVID-19га каршы вакцинаны биринчилерден болуп алган.

Ошол эле учурда, биринчи күнү (29-мартта) 100 адам вируска каршы эмдөөдөн өттү. Бишкекте 42 адам эмдөөдөн өттү - 40 медициналык кызматкер, бир мугалим жана 65 жаштан ашкан бир кары адам.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх