Кармалган Ленин районунун акими үй камагына бошотулду
Бишкек мэриясынын кызматкери үгүт иштери үчүн депутаттыкка талапкерлердин бирине бюджеттин акчасын мыйзамсыз бөлүп берген
Ленин районунун мурунку акими Чынасыл Чыныбаев 27-майга чейин үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.
Эскерте кетсек, Чыныбаев кызматтан бошотулган.
Буга чейин УКМК Чынасыл Чыныбаевди кармагандыгы маалымдалган. Чекисттердин айтымында, чиновник үгүт иштери үчүн депутаттыкка талапкерлердин бирине бюджеттик каражатты мыйзамсыз бөлүп берген. Бул акча Бишкек шаарынын турак жайлардын бирин жакшыртууга багытталган.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз