Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК: Марат Аманкулов 50 миллион сом төлөп зыяндын ордун жарым-жартылай толтурду

Саясатчы УКМК депозиттик эсепке акча которду. Калган чыгымдын так суммасы аныкталгандан кийин, этап-этабы менен төлөнүп берилет

УКМК Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренеси (Мыйзамсыз баюу) менен катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, ЖКнын депутаты Марат Аманкулов 50 миллион сомдук зыяндын ордун толтургандыгын, УКМКнын депозиттик эсебине салынат, ал эми калган зыян  келтирилген зыяндын өлчөмү так аныкталгандан кийин этап-этабы менен жүргүзүлөт.

Аманкулов шайлоо кызматтарда иштеп жатып, мыйзамсыз байыган, ошондой эле тиешелүү салык төлөмдөрүн төлөбөгөн деп шектелип жаткандыгын эсиңиздерге салабыз. Аманкуловдун жакын туугандары жана ага тиешеси бар адамдар кымбат баалуу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү алышкандыгы аныкталган, алардын жалпы наркы алардын расмий кирешелеринен иш жүзүндө бир нече эсе ашып кеткен.

Кылмыш жолу менен алынган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн белгилерин жашыруу максатында, кирешелери расмий тастыкталбаган жакын туугандарына активдерди каттаган. Мүлктү легалдаштыруу фактылары, банк мекемелеринде кредиттик насыя алуу жолу менен, ага же жакын туугандарына иш жүзүндө таандык болгон активдерди алуу максатында дагы аныкталган.

Аманкулов өзүнүн саясий таасирин  Бишкек шаардык кеңешиндеги, ошондой эле КР ЖКдагы кызмат ордун колдонуп, 2008-2020-жылдар аралыгында активдерин кыйла көбөйткөн деп болжолдонууда.

УКМКнын пресс-борбору
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх