Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кара-Балта шаарында асынып алган адамды милиция кызматкерлери сактап калышты (сүрөт)

Белгиленгендей милиция кызматкерлери бир нече секунд ичинде асынган жибин бошотуп аны өлүмдөн алып калган

Жайыл районунун Ички иштер башкармалыгынын милиция кызматкерлери адамды бир нече секунда ичинде трагедиядан аман алып калышты. Жаран дем ала албай баштаган. Көрсөтүлгөн жардамдан кийин, убакыттын өтүшү менен гана өзүнө келе баштаган.

Бул факт 2021-жылдын 16-февралында кечке жуук Кара-Балта шаарында болгон. Үй-бүлөлүк чыр фактысы боюнча нөөмөт бөлүмүнө билдирүү келип түштү. Жайыл РИИБдин тергөө-ыкчам тобу аталган жерге жөнөп кетишти. Окуя болгон жерге барганда үйдүн эшигин эч ким ачкан эмес, бирок ичинде жарык күйүп турган.

Милиция кызматкерлери коңшуларына кайрылып, чакыруу болгон жерге алардын короосу аркылуу киришкен. Үйгө киргенде коноктор бөлмөсүнөн 37 жаштагы К.У. эс-учун жоготуп, асылып турган . Полиция кызматкерлери өз өмүрүн кыюуга аракет кылган адамдын мойнундагы жибин чечип, биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн. Бактыга жараша, ал аман калган.

Аялы аны таштап кетип, мас абалында ушундай кадамга баргандыгы кийинчирээк белгилүү болду. Милиция кызматкерлери ал адам менен профилактикалык түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. К.У. өзүнүн иш-аракеттерин түшүнүп, ага тез жардам көрсөткөн кызматкерлерге ыраазычылыгын билдирди.

Бүгүн, буга байланыштуу Жайыл РИИБдин жетекчилиги кызматкерлердин ыкчам жана координацияланган иш-аракеттери үчүн, т Жайыл РИИБдин тергөө кызматынын тергөөчүсү, милиция лейтенанты К.А. жана Криминалдык милиция кызматынын кызматкери улук лейтенант М.Д.га ыраазычылык билдирди.

 

Чүй облусунун ИИББнын басма сөз кызматы

Сүрөт Чүй облусунун ИИББнын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх