Мамлекеттик байланыш агенттиги радиожыштыктарды сатуу боюнча онлайн аукцион өткөрдү
Аукциондун жыйынтыгы боюнча "Альфа Телеком" ЖАК жеңүүчү деп табылды
9-мартта, Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы Байланыш боюнча мамлекеттик агенттик (учурда Санариптик өнүктүрүү боюнча мамлекеттик кызматына айландырылган) интернет-ресурста радиожыштык спектрине онлайн аукцион болуп өттү.
Аукционго баштапкы баасы 74 205 000 сом болгон Бишкек жана Ош шаарларын кошпогондо, Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагы боюнча, TDD режиминде, өткөрүү жөндөмдүүлүгү 40 МГц болгон 2300-2340 МГц радиожыштыктар коюлган.
Аукционго катышуу үчүн 1 катышуучу катталды - "Альфа Телеком" ЖАК кабыл алынып, аукционго катышкан.
Соода 21 мүнөткө созулду. Соода-сатыктын жыйынтыгы боюнча, сунуш кылынган максималдуу баасы 77 915 250 сом менен жеңүүчү деп "Альфа Телеком" ЖАКы табылды.
10-мартта, TDD режиминде, өткөрүү жөндөмдүүлүгү 20 МГц болгон 2380-2400 МГц радио жыштыктары, Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагы боюнча аукционго коюлду, Бишкек жана Ош шаарларын кошпогондо, баштапкы баасы 37 102 500 сом .
Аукционго катышуу үчүн 1 катышуучу катталды - "Альфа Телеком" ЖАК, ал кабыл алынып, аукционго катышкан.
Соода-сатык 15 мүнөткө созулду. Ошондой эле, Альфа Телеком ЖАК сунушталган максималдуу баасы 38 957 625 сом менен жеңүүчү деп табылды.
КР МТБМКтин басма сөз кызматы
Сүрөт www