Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алмазбек Атамбаев №47 абакта 7-июнга чейин калат

Ошол эле учурда Индира Жолдубаева жана башка айыпталуучуларга карата сот жараянынын мөөнөтү узартылды

Экс-президент Алмазбек Атамбаев №47 абакта 7-июнга чейин болот. Анын баш коргоо чарасы бир күн мурун Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан узартылган.

Мындан тышкары, сот Алмазбек Атамбаевге, экс-башкы прокурор Индира Джолдубаевага, Абдухалим Раимжановго жана Калыбек Качкыналиевге карата сот жараянын жана алдын-алуу чараларын көрүү мөөнөтүн 2021-жылдын 7-июнуна чейин узартты.

Атамбаевдин оорусуна байланыштуу сот отуруму 15-апрелге жылдырылды.

Эске салсак, экс-президент 2019-жылдын 8-августунда мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулгандыгы боюнча иш боюнча кармалган.

5-октябрдаКн 6-октябрга караган түнү бошотулгандан кийин Алмазбек Атамбаев кайрадан 10-октябрда кармалган. Кийин ден-соолугуна байланыштуу УКМКнын СИЗОсунан №47 абакка которулган.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх