Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дастан Бекешев: Ушунчалык эле кимдир бирөөнүкү күйүп, кычышып атса анда унааны караңгылатууга уруксат кагазын сатып алышсын

Бирок, жол кайгуул кызматынын экс-башчысы караңгылатууну легалдаштыруу бир топ көйгөйлөрдү алып келет деп ишенет

Унаалардын алдыңкы айнектерин  караңгылатуу жол коопсуздугуна терс таасирин тийгизет. Мындай пикирди ИИМдин Жол-кайгуул кызматынын мурдагы башчысы Сергей Дьяченко Vesti.kg сайтына берген маегинде бөлүшүп, өкмөттүн автоунаалардын алдыңкы айнектерин караңгылатууну мыйзамдаштыруу боюнча сунушун комментарийледи.

Өлкөнүн мурунку башкы жол кайгуул кызматкери бул демилгеге терс көз карашта болгонун баса белгиледи.

- Менин оюмча, бул кабыл алынгыс жана туура эмес, - деди Дьяченко. - Терезени караңгылатуу көптөгөн көйгөйлөрдү жаратат. Биринчиден, бул айдоочулардын өзүлөрүнө көйгөй жаратат. Караңгылатылганда, терезелердин көрүнүшү начарлайт, түнкүсүн унаа айдоо мүмкүн болбой калат. Инспекторлор айдоочунун коопсуздук курун тагынгандыгын аныктай алышпайт. Мындан тышкары, кимдин айдап баратканы көрүнбөй калат.

ДПСтин экс-башчысы ошондой эле өкмөттүн аталган сунушу мамлекеттик бюджеттин ордун толтурбай тургандыгына ишенет.

Бирок, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевдин айтымында, автоунааларды  караңгылатууну легалдаштыруу олуттуу кесепеттерге алып келбейт.

- Караңгылатуу көйгөйсүз колдонула турган өлкөлөрдү билем, - деди эл өкүлү. - Мисалы, биздин кошунабызды алалы. Рогун ГЭСин куруу фондусун толтуруу максатында Тажикстанда автоунаалардын айнектери үчүн акы төлөнүүчү тонировка киргизилген. Алар уруксат кагазын 500 долларга сатып алышкан. Эгерде бизден кимдир бирөөнүкү күйүп,  кычышса, анда уруксат кагазын сатып алышсын. Бул жол коопсуздугуна коркунуч келтирет деп айтылууда. Балким. Бирок жол эрежесин бузгандарга каршы күрөшүү үчүн дагы бир катар чаралар бар. Биз карашыбыз керек, анткени Тажикстан буга чейин эле жасаган.

Канышай Балкыбекова
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх