Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Абдил Сегизбаевди Бишкек шаардык сотуна алып келди (видео)

Бүгүн алар УКМКнын экс-жетекчисинин баш коргоо чарасына каршы апелляциялык арызды карашат

УКМКнын экс-башчысы, президенттикке мурдагы талапкер Абдил Сегизбаев Бишкек шаардык сотуна алып келгенин Vesti.kg сайтынын кабарчысы билдирди.

Сот процесси башталды, анын жүрүшүндө Сегизбаевге карата баш коргоо чарасын өзгөртүү жөнүндө маселени кароо пландаштырылууда.

Атайын кызматтын мурунку жетекчисин соттун имаратында анын тарапташтары тосуп алышты.


Жараян жабык эшик артында өтөөрү белгиленди.

Эскерте кетсек, Абдил Сегизбаев Белизгейт окуясы боюнча кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана башка мыйзамсыз аракеттер боюнча 25-январда кармалган. Ага карата эки кылмыш иши козголгону белгиленди.

Кийинчерээк Башкы прокурор Курманкул Зулушев өзүнүн интернет баракчасында Сегизбаевге каршы алты кылмыш иши козголгонун билдирген.

Дастан Советбеков
Медина Купсулдаева
Сүрөт, видео Vesti.kg

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх