Жеңиш Молдокматов жаңы партияны жетектеп баштады
Буга чейин ал "Замандашты" жетектеп келген
Саясатчы Жеңиш Молдокматов "Туран" саясий партиясынын төрагасы болду. Ал өзү бул маалыматты Vesti.kg сайтына тастыктады.
Буга чейин Молдокматов "Замандаш" саясий партиясын жетектеген.
Бул тууралуу маалымат Юстиция министрлигинин сайтында дагы жайгаштырылган.
Партия 2004-жылы негизделген. Экс-вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев анын уюштуруучуларынын тизмесинде.
Буга чейин партиянын лидери Эмир-Раадик Дүйшекеевич Сарпашев болгон.
Молдокматов билдиргендей, анын партиясынын бет ачары 8-апрелде болот.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз