Премьер-министр Кабыл Абдалиевди Мамлекеттик салык кызматынын башчысы болуп кайрадан дайындады
Чиновник салык кызматында 1991-жылдан бери иштеп келет
Кабыл Абдалиев Кыргыз Республикасынын Экономика жана каржы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Бул буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов 2021-жылдын 1-апрелинде кол койгон. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Абдалиев эмгек жолун 1991-жылы Ош облусундагы салык инспекциясында баштаган. Биринчи жолу, ал МСКнын төрагасы болуп 2012-жылы дайындалган. Ал кызматты экинчи жолу 2019-жылы июль айында жетектеген.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз