Түшкө чейин референдумга шайлоочулардын 13 пайызы добуш берди
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого көбүрөөк адамдар катышты
БШКнын маалыматы боюнча, түшкө чейин жергиликтүү кеңештерге шайлоого шайлоочулардын активдүүлүгү өлкө боюнча 13,43 пайызды түздү.
Ал арада саат 12: 00гө чейин референдумга жалпы шайлоочулардын 12,9 пайызы добуш берди. Эң чоң активдүүлүк Ош шаарында байкалган, анда добуш берүүгө укуктуу жарандардын 19 пайыздан бир аз ашыгы өз добуштарын бере алышкан. Борбор калаада бул көрсөткүч 9,9 пайызды түздү.
Эскерте кетсек, шайлоо участкалары саат 20.00дө жабылып, андан кийин добуштарды саноо башталат.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз