Жогорку Соттун төрагасынын м.а Бишкекте добуш берди (видео)
Нургүл Бакирова борбор калаадагы мектептердин бириндеги аймакка барды
Жогорку Соттун төрагасынын милдетин аткаруучу Нургүл Бакирова Бишкек шаарындагы Жалил Садыков атындагы №84 орто мектепте жайгашкан №1019 шайлоо участогунда добуш берди.
Бүгүнкү күндө өлкө жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын долбоору үчүн референдумда добуш берип жаткандыгын белгилейбиз.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз