Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Тилек Токтогазиев Садыр Жапаровго"Жигиттин сөзү өлгүчө, өзү өлгөн артык".

Айыл чарба министрлигинин мурунку башчысы президенттин Райымбек Матраимовду түрмөгө камоо убадасын эске салды

Октябрь революциясы максатына жеткен жок. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин мурунку башчысы Тилек Токтогазиев социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Анын айтымында, бийликке бандиттер жана жемкорлор келишкен.

"Октябрдагы революция максатына жеткен жок. Баары текке кетти. Коррупционерлер, бандиттер кайра жаңы бийлик менен биригип элдин канын соргонун улантышмай болушту.

Кайраттуу бол эми, кыргызым!"
 
Токтогазиев ошондой эле өз жарыясында президент Жапаровдун октябрь айында Райымбек Матраимов түрмөгө камалат деген билдирүүсүн эске салды.  "Мен толук кандуу ишке кирише элекмин, толук киришкенде Раим Миллион камалат." (С.Жапаров)
 
"Жигиттин сөзү өлгүчө, өзү өлгөн артык", - деп баса белгиледи Айыл чарба министрлигинин мурунку башчысы.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх