Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Башкы прокурор МККны Кыргызстандагы эң коррупцияланган орган деп атады

Зулушев мамлекеттик органдарда бир жыл ичинде коррупция фактысы боюнча 42 кылмыш иши козголгонун белгилейт

Жыл жыйынтыгында Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргызстандагы эң коррупциялашкан орган болуп калды. Бул тууралуу Башкы прокурор Курманкул Зулушев бүгүн, 20-апрелде Жогорку Кеңештин Конституциялык маселелер, мамлекеттик түзүлүш жана сот-укуктук маселелер боюнча комитетинин отурумунда билдирди.

"Коррупция фактысы боюнча мамлекеттик түзүмдөрдө бир жылдын ичинде 42 кылмыш иши козголгон", - деди ал. - Алардын үчөө Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы, жетөө - прокуратура, 32си - УКМК тарабынан демилгеленген.

Зулушевдин айтымында, МКК коррупциялык иштердин саны боюнча биринчи орунда турат. Алардын артынан Унаа жана жолдор министрлиги, Ички иштер министрлиги, Билим берүү министрлиги жана Социалдык өнүгүү министрлиги келе жатат.

Сүрөт www

 
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх