Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Элдик Народный" партиясынын лидеринин унаасын белгисиз адамдар аткылашкан (сүрөт)

Чүй облусунун ИИББсы текшерип жатат

Кара-Балтада кечээ кечинде белгисиз адамдар "Элдик Народный" партиясынын лидери Назми Бадаловдун унаасын аткылашты. Бул маалымат саясий бирикмеден тастыкталды.

Арыз Жайыл районунун ички иштер башкармалыгына саат 07.52де милицияга келип түшкөн.
«Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу жөнөтүлүп, ал жерге 1976-жылы туулган Б.Н аттуу жаран арыз жазып, ушул жылдын 20-апрелинде саат 03.30дар чамасында үйүнүн короосунда белгисиз адамдар анын унаасы "Тойота Камри" тарапка эки жолу ок чыгарышкан ", - дешти укук коргоо органдарынын кызматкерлери.

Бул факты Жайыл РИИБнин КЖБР каттоосуна ылайык Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин "Бейбаштык" беренеси боюнчаСотко чейинки процесстер башталып, экспертиза дайындалды.

Чүй облусунун ИИББнын басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх