Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Парламент казинону ачуу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды

23 депутат бул демилгеге каршы добуш берди

Жогорку Кеңештин депутаттары Ысык-Көлдө атайын казино ачуу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырышты.

Документтин негиздеме күбөлүгүндө Тамчы айылындагы аэропорттун жанына мейманканалар жана кафелер менен кошо оюн аянтын курууну пландаштырып жатканы, анда чет элдик жарандарга гана уруксат берилери айтылган.

Демилгечилер документтин кабыл алынышы республикада туризмди өнүктүрүүгө жардам берерин белгилешти.

Ошол эле учурда, депутаттардын бардыгы эле казино ачуу идеясын колдогон жок. Мыйзам долбоорун кабыл алууга 91 эл өкүлү добуш берди, 23ү каршы болду.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх