Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

БШК: Үч партия каржылык отчет беришкен жок

Ошентип алар "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Мыйзамды бузушкан

"Улуу Журт", "Айкөл Кыргызстан", Кыргызстандын Жашылдар партиясы саясий партиялары каржылык отчетторун беришкен жок. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

" Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө "Мыйзамдын 15-беренесине ылайык, саясий партиялар шайлоодон кийин 10 календардык күндөн кечиктирбестен, тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына алардын өлчөмү жана бардык булактары жөнүндө отчет берүүгө милдеттүү.

Ошентип, 2021-жылдын 21-апрели каржылык отчет тапшыруунун акыркы күнү болгон. Бирок, ушул күнгө чейин “Улуу Журт”, “Айкөл Кыргызстан” жана “Кыргызстан Жашылдар” саясий партиялары тарабынан отчеттор бериле элек.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы жогорудагы берененин талабы Бишкек шаардык кеңештин депутаттарын шайлоого катышкан бардык саясий партиялар үчүн милдеттүү экендигин белгилейт.

Бишкек АШКга финансылык отчетторду берүү жөнүндө маалымат.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх