Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Улукбек Марипов Кыргызстандын Эл жазуучусу Бексултан Жакиевди акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышты

Бексултан Жакиев Ала-Арча көрүстөнүндө жерге берилди

Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасынын ээси Бексултан Жакиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.

Өкмөт башчысы өз сөзүндө белгилегендей, кыргыз эли оор жоготууга учурады.

«Биз заманыбыздын белгилүү залкар адамын жоготтук. Жакын арада эле ал киши менен сүйлөшүп, өз кеп-кеңешин айтып, тажрыйбасы менен бөлүштү эле. Б.Жакиевдин көп кырдуу таланты анын чыгармаларында жана котормолорунда көрүнүп турат. Бексултан Жакиев кылымдын драматургу болуп саналат. Ал өз артынан кинематографияда, драматургиядагы кайталангыс изин жана татыктуу шакирттерин калтырып кетти. Бексултан Жакиевдин жаркын элеси ар дайым эсибизде сакталат. Өкмөттүн жана жеке өзүмдүн атымдан эл жазуучунун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам», - деп белгиледи Улукбек Марипов.

Маалымдама: профессор, Кыргыз Республикасынын Баатыры, эл жазуучусу, драматург, кинодраматург Бексултан Жакиев 2021-жылдын 25-апрелинде 85 жаш курагында дүйнө салган.

Бексултан Жакиев Ала-Арча көрүстөнүндө жерге берилди.

Өкмөттүн маалымат кызматы

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх