Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Марипов ооз ачарды өзгөчө баланын үй-бүлөсү менен өткөрдү (сүрөт)

Премьер-министр аларга жардам берди

Премьер-министр Улукбек Марипов өзгөчө бала жашаган үй-бүлөсү менен ооз ачты. Ошондой эле аларга жардам берди. Бул тууралуу өкмөт башчы Фейсбукта жарыялады.

"Эки баланы тарбиялап жаткан Сонунбү Сатарованын абалынан кабар алдым, балдарынын бири ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү.

Ар бир эне өзгөчө балдар мамлекеттин жана коомдун колдоосуна муктаж. Биз бири-бирибизге көтөрүмдүү болуп, муктаж болгондорго жардам берип, сабырдуу жана сый-урмат мамиледе болушубуз керек. Боорукердик жана мээримдүү мамилебиз биздин адамдык бийик сапатыбызды арттырып, күчтүү кылат. Балдарыңыз оорубасын, алар акылдуу болуп өсүп жана сизди ийгиликтери менен кубандырсын."
 
Ал ошондой эле Сонунбү Сатарованын сегиз жашар кызына билим берүү маселелерин чечкендигин айтты.
 
"Үйдүн кожойкеси өз көйгөйлөрү тууралуу айтып берди. Анын 8 жаштагы кызы бюрократиялык тоскоолдуктардан улам али мектепке бара элек.
Сонунбү Сатарованын кызы үчүн мектепте окуу маселеси чечилгенин жана 1-сентябрдан тарта ал мектепке бара ала тургандыгын айттым, материалдык жана социалдык абалына карабастан, Кыргыз Республикасынын бардык жарандары билим алууга бирдей мүмкүнчүлүгү бар.
Ыйык Рамазан айында Сонунбу Сатарованын үй-бүлөсү менен биргеликте ооз ачар өткөрдүм.
Үй-бүлөгө жардам көрсөтүп, аларга ден-соолук, күч-кубат жана узак өмүр кааладым."-дейт Марипов.
 
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх