Бүгүн Бишкекте академик Аскар Какеев менен коштошуу зыйнаты өтөт
Маркумдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат
Бүгүн, 27-апрелде Бишкекте Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын мурунку катчысы, философия илимдеринин доктору жана экс-билим берүү министри Аскар Какеев менен коштошуу зыйнаты өтөт. Бул тууралуу академиктин жакындары билдиришти.
Какеев 25-апрелде оорунун кесепетинен көз жумган. Ал 87 жашта болчу.
Академиктин сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюла турганы көрсөтүлгөн.
Аскар Какеев 1935-жылы 10-декабрда Чүй районунун Кегети айылында туулган.
1989-1992 - Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Философия жана укук институтунун директору.
1992-1993 - Президенттин Аппаратынын Жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы.
1993-1998 - Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана маданият министри.
2000-2005 - КГНУнун ректору.
сүрөт www