Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте документтер мыйзамсыз берилип, 14 кабаттуу турак үйдүн курулушуна уруксат берилген

Прокуратура борбор калаадагы курулуштагы мыйзамсыздыкка каршы күрөш жөнүндө отчет берди

Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан "Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасынан көп кабаттуу турак үйдүн курулушуна долбоордук документтерге уруксат берүүчү документтер текшерилген.

Ошентип, Мамлекеттик архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин алдындагы Мамлекеттик экспертиза департаментинин айрым кызматкерлери, "Бишкекбашкыархитектура"МИ  жана Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциясы, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, «ГГ»МИ иштеп чыгуучу менен алдын ала бүтүм чыгарып, долбоордук документтерин чыгарып, андан кийин 14 кабаттуу турак үйдүн курулушуна уруксат берген.

Текшерүүнүн материалдары Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 320 (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 329 (Кызматтык жасалмачылык) беренелери боюнча КЖБРде катталды.

Сотко чейинки процесстер башталды.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх