Бишкектеги мектептер менен бала бакчалар кышка даярданып башташты
Учурда от казандар тазаланып, насостор, клапандар, электр жабдуулары ж.б оңдолуп жатат
Бишкекте коммуналдык кызматтар 2021-2022-жылытуу мезгилине кызуу даярданып жатышат.
Мектептерди жана бала бакчаларды жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн, "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынын буу казандары графикке ылайык оңдоп-түзөө жана оңдоо иштерин жүргүзүп жатышат.
Учурда от казандар тазаланып, оңдолуп жатат, насостор, клапандар, электр жабдуулары, приборлор жана автоматика реконструкцияланып жатат.
Күз-кыш мезгилине даярдык көрүү ишкананын директору Байымбет Байгараевдин көзөмөлү астында уланууда.
Бишкек шаардык мэриясы
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз