Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дүйшөнбек Чоткараев абакта 26-майга чейин болот

Биринчи Май райондук соту УКМКнын экс-орун басарынын баш коргоо чарасын узартты

УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Дүйшөнбек Чоткараев 2021-жылдын 26-майына чейин УКМКнын СИЗОсунда болот. Тиешелүү чечим Биринчи Май райондук соту тарабынан 19-мартта кабыл алынган.

Эскерте кетсек, Дүйшөнбек Чоткараев өткөн жылдын 12-декабрында алтын контрабандасы боюнча кармалган. Мамлекетке 6 миллион сомдук зыян келтирилгендиги белгиленди.

УКМКнын маалыматы боюнча, тергөө иштерине Чоткараевдин аткезчилик менен кармалган адамдарды мыйзамсыз бошотууга жана конфискацияланган зер буюмдарды чыгарууга түздөн-түз тиешеси бар экендиги жөнүндө төгүндөлгүс далилдер келип түшкөн.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх