Руслан Казакбаев Ага Хан Өнүктүрүү Уюмунун Кыргызстандагы башчысы менен жолугушту
Тараптар кызматташуу маселелерин талкуулашты
Кечээ, 28-апрелде Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Ага Хан Өнүктүрүү Уюмунун (АКДН) Кыргыз Республикасындагы кеңсесинин башчысы Шамш Кассим-Лакха менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Министрликтин маалыматы боюнча, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен АКДНдин ортосундагы кызматташтык маселелерин жана өз ара аракеттенүүнүн келечектүү багыттарын, атап айтканда, социалдык-экономикалык чөйрөдө, билим берүү, саламаттыкты сактоо, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Тараптар бири-бирин Кыргыз Республикасы менен Исмаили Имаматынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюлгандыгынын 20 жылдыгы, ошондой эле KICB банкынын ачылышы менен куттукташты.
Казакбаев кеңсе башчысын Нарын шаарындагы Борбор Азия Университетинин (БАУ) студенттеринин биринчи бүтүрүү күнү менен куттуктап, Кыргызстан БАУнун ишине өзгөчө көңүл бурарын баса белгиледи. Бул университет гуманитардык жана прикладдык илимдер жаатындагы региондогу алдыңкы билим берүү мекемелеринин бири болуп, ошондой эле шаар тургундарынын сапаттуу билим алуусуна шарттарды түзүп берет деген ишенимин билдирди.
Расмий кызматкер өлкөнүн башка аймактарында дагы окуу жайларын ачууга кызыкдар экендигин билдирди.
Учурдан пайдаланып, Кассим-Лакха республиканын жетекчилигин бүтүрүү кечесине катышууга чакырды.
Фонд тарабынан Кыргыз Республикасында ишке ашырылып жаткан тоолуу аймактардын өнүгүүсүн колдоого багытталган программалар өлкөнүн өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу багыты экендиги көрсөтүлгөн.
Тышкы иштер министри АКДНдин долбоорлору жана программалары мындан ары дагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсүнө салым кошот деген ишенимин билдирген.
Сүрөт www