Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Митингге чыккандар өкмөттөн жооп албаса, Баткен облусуна барганы жатышат (видео)

Митингдин катышуучусу чек ара чатагы Ташиевдин сөзүнөн улам келип чыккан деп эсептейт

Бишкекте кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу нааразычылык акциясына чыккандар өкмөттөн жооп албаса, өздөрү Баткен облусуна кетүүгө даяр. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына нааразычылык акциясынын катышуучуларынын бири Мелис Элеманов билдирди

Анын пикиринде, учурда бийлик кырдаалды көзөмөлдөбөйт.

"Мен Ысык-Көл облусунан келгем" деди ал. - Эми биз өкмөттүн өкүлдөрүн угалы деп жатабыз. Эгерде алардан жооп албасак, анда биз өзүбүз Баткен районунун Көк-Таш айылына барабыз. Өкмөт бул жерлерге карата өз позициясын так аныкташы керек. Ал жакта, согуш башталды деп айтууга болот.

Митингдин катышуучусу ошондой эле чек арада чыр-чатактын башталышына түрткү УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин эл алдында сүйлөгөн сөздөрү болду деп эсептейт.

"Бир нерсе айтаардан мурун, алгач ойлонуп көрүш керек" деди Элеманов.

Ал ортодо митингдин айрым катышуучулары Көк-Таш айылынын тургундарына мамлекет курал-жарак бериши керек деп эсептешет.

Канышай Балкыбекова
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх