Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров чек арадагы кырдаал боюнча өкмөт мүчөлөрү менен ыкчам кеңешме өткөрдү

Артем Новиков жетектеген жумушчу топ түзүлдү. ТИМге кырдаалды дипломатиялык каналдар аркылуу тынчтык жолу менен жөнгө салуу милдети жүктөлдү

КРнын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 29-апрелде, КРнын Өкмөтүнүн мүчөлөрү менен Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаал боюнча ыкчам кеңешме өткөрдү.

Өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн, бул кырдаалга тартылган мамлекеттик органдардын жетекчилеринин маалыматтары угулду.

Ыкчам кеңешменин жыйынтыгында түзүлгөн кырдаалды иликтөө жана жөнгө салуу боюнча биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков башында турган жумушчу топ түзүү тууралуу чечим кабыл алынды.

Тышкы иштер министрлигинин алдына дипломатиялык каналдар аркылуу тынчтык жолу менен кырдаалды жөнгө салуу боюнча иштерди улантуу милдети коюлду.

Президенттик аппараттын маалымат кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх