Тажикстан менен чек арада жабыркаган кыргызстандыктардын саны 11ге жетти
Октон жаракат алган төрт жарандын абалы туруктуу
Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги саат 16: 30да кыргыз-тажик чек арасында жаракат алгандар тууралуу маалымат менен бөлүштү. Жалпысынан 11 жабырлануучу бар, алардын бири амбулатордук шартта. Калгандары - ар кандай жаракаттар менен, Баткен облусунун саламаттыкты сактоо уюмуна жаткырылды.
-Самаркандек борбордук медициналык борборунда ооруканага жаткырылган 2 адам бар, абалы салыштырмалуу канааттандырарлык;
- Лейлек борбордук коомдук саламаттыкты сактоо борборунда - 1 жабырлануучу, орточо оор абалда;
- Баткен облустук бириккен ооруканасы денесинин ар кайсы жерлерине ок тийген жаракат алган 7 жабырлануучуну кабыл алды, жарадар болгон жетөөнүн ичинен үчөө орто оор, төртөө оор абалда деп бааланууда. Учурда эки жабырлануучу операцияга жеткирилди.
5 адистен турган топ Ош шаарынан жөнөп кетти. Ошондой эле Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Жалалидин Рахматулаев баштаган 9 адис Бишкек шаарынан кетүүгө камданып жатышат.
КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин пресс-борбору
Сүрөт www