21дин ичинен 1-кварталдагы кызматтык иликтөөлөрдүн натыйжасында бир гана мыйзам бузган бажы кызматкери иштен алынды
МБКтин көпчүлүк кызматкерлери сөгүш алып чыгып кетишти
2021-жылдын 1-кварталында Мамлекеттик бажы кызматынын Ички иликтөөлөр жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгы тарабынан бажы кызматкерлери тарабынан коррупциянын алдын алуу боюнча өздүк курам арасында туруктуу иш жүргүзүлүп келген.
Ошондой эле, 2021-жылдын 1-кварталында бажы кызматкерлери тарабынан кызматтык жана эмгек тартибин бузуулар аныкталды, 32 бажы кызматкерине карата 22 кызматтык иликтөө жана кызматтык текшерүүлөр жүргүзүлүп, натыйжада 21 кызматкер тартиптик жоопкерчиликке тартылды:
- 1 кызматкерге оозеки эскертүү берилди;
- эскертүү - 1;
- сөгүш -13;
- катуу сөгүш -3;
- бошотулган-1;
- кызматтын толук эмес шайкештиги жөнүндө эскертүү-2;
Ошол эле учурда, 1-кварталда МБКке 120 жаран кайрылса, алардын 4өө www.customs.kg сайтындагы электрондук порталга жана Этот адрес электронной почты защищён от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра. консультативдик маселелер боюнча кайрылышкан.
Мындан тышкары, “ишеним телефону” аркылуу күнү-түнү келип түшкөн маалыматтарды эсепке алуу жана иш алып баруу иштери жүргүзүлүп жатат, ал аркылуу отчеттук мезгил ичинде консультативдик мүнөздөгү 64 телефон чалуулар жана 1 арыз келип түшкөн.
МБКтин басма сөз кызматы
Сүрөт www