Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Казандагы Улукбек Марипов Михаил Мишустинди Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды

КРнын жана РФнын Өкмөтүнүн башчысы эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулашты

Казань шаарында (Россия Федерациясы, Татарстан Республикасы) жумушчу сапары менен жүргөн Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин эки тараптуу кызматташтыктын абалы жана келечегинин маселелерин талкуулады.

Өкмөт башчысы Улукбек Марипов белгилегендей, үстүбүздөгү жылдын 24-февралында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Россия Федерациясына алгачкы сапары стратегиялык өнөктөштүктүн салттуу жогорку динамикасына жаңы дем берди.

«Россиялык тарапка «Спутник V»  россиялык вакцинасынын биринчи партиясын гранттык негизде бергендиги үчүн ыраазычылык билдирем. 2021-жылдын 1-апрелинен тарта биздин өлкө «COVID-19суз саякаттайм» тутумуна расмий кошулду».

COVID-19 пандемиясы Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Кайчылаш жылы алкагында пландаштырылган иш-чараларды ишке ашырууга өз түзөтүүлөрүн киргизгендигин эске алуу менен, Премьер-министр Улукбек Марипов Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустинди 2021-жылдын күз мезгилинде Бишкек шаарында өтүүчү Кайчылаш жылды жабуунун салтанаттуу аземине катышуу үчүн Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

 Өкмөттүн маалымат кызматы

Фото www


 
 
 
 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх