Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Руслан Казакбаев: Мен Тажикстандын ТИМи менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатам

ТИМдин башчысы нааразычылык нотасы азырынча тажик тарапка тапшырыла электигин баса белгиледи

Кыргызстан менен Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин жетекчилиги сүйлөшүү столуна отурушту. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Руслан Казакбаев билдирди.

Жакында тараптар чек арадагы жаңжалды локалдаштырат деп үмүттөнөт.

- Азыр мен тажик тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатам, - деди Казакбаев. - Диалогдон кийин Тышкы иштер министрлиги расмий билдирүү жасайт. Азырынча Тажикстандын элчилигине нааразычылык нотасын тапшыра элекпиз.

Эске салсак, ушул жылдын 28-апрелинде тажик тарап Головной суу бөлүштүрүүчү пунктунун жанындагы Көк-Таш айылына видеокөзөмөлдөөчү камераларын орнотууну баштаган. Тургундар орнотулган камераларды алып салууну талап кылышкан, бирок кийинчерээк эки тарап тең бири-бирине таш ыргытышкан.

Бүгүн, 29-апрелде чек арада атышуу башталды, натыйжада 17 адам жаракат алып, бир адам каза болду.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх