Улукбек Марипов Тажикстандын премьер-министри менен жолугушат
Эки өлкөнүн өкмөт башчылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы учурдагы кырдаалды талкуулашат
Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин алкагында, бүгүн, үстүбүздөгү жылдын 29-апрелинде Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны соңунда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Мариповдун жана Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзоданын мурда пландаштырылбаган эки тараптуу жолугушуусу өтөрү пландаштырылууда.
Эки өлкөнүн Өкмөт башчылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында түзүлгөн кырдаалды талкуулашат.
Өкмөт аппаратынын басма сөз кызматы
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз