Саламаттыкты сактоо министрлиги: Баткен облусундагы жаңжалда 31 адам жапа чекти
Министрлик ооруканада 29 адам жаткандыгын, бир адам каза болгонун кошумчалады
Учурда кыргыз-тажик чек арасында жабыркаган 29 адам бар. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.
"Жабыркагандардын жалпы саны 31 адам: алардын бири өлүм менен аяктаган , бири амбулатордук жардам, 29у ооруканада", - деди ал.
Эске салсак, ушул жылдын 28-апрелинде тажик тарап Головной суу бөлүштүрүүчү пунктунун жанындагы Көк-Таш айылына видеокөзөмөлдөөчү камераларын орнотууну баштаган. Тургундар орнотулган камераларды алып салууну талап кылышкан, бирок кийинчерээк эки тарап тең бири-бирине таш ыргытышкан.
Бүгүн, 29-апрелде чек арада атышуу башталды.
Элдос Казыбеков
Сүрөт www