Маалымат каражаттары: Тажик коопсуздук күчтөрү казарма абалына өткөрүлдө
Кыргыз-тажик чек арасындагы абал курч бойдон калууда
Кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыккандыктан, Тажикстандын күч түзүмдөрү казарма кызматына которулган. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.
Белгисиз булактын билдиришинче, тажик тарап Ички иштер министрлигинин атайын бөлүктөрүн колдонушкан эмес.
"Бейшемби күнү түштөн кийин, Ворух анклавындагы Кыргызстан менен чектешкен окуяларга байланыштуу Тажикстандын бардык күч структуралары куралдуу жаңжалга айланып, казарма абалына өткөрүлдү", - деп билдирди булак.
Эске салсак, ушул жылдын 28-апрелинде тажик тарап Головной суу бөлүштүрүүчү пунктунун жанындагы Көк-Таш айылына видеокөзөмөлдөөчү камераларын орнотууну баштаган. Тургундар орнотулган камераларды алып салууну талап кылышкан, бирок кийинчерээк эки тарап тең бири-бирине таш ыргытышкан.
Бүгүн, 29-апрелде чек арада атышуу башталды, натыйжада 17 адам жаракат алып, бир адам каза болду.
Элдос Казыбеков
Сүрөт www