Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Улукбек Марипов Тажикстандын премьер-министри менен жолугушту

Тараптар жаңжалдуу кырдаалды сүйлөшүү жолу менен чечүүгө толук даяр экендигин билдиришти

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Мариповдун Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзода менен пландаштырылбаган эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн Өкмөт башчылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында түзүлгөн кырдаалды талкуулады.

Тараптар эки республиканын чек арасындагы конфликттик абалды сүйлөшүү жолу аркылуу тез арада чечүүгө толугу менен даярдыгын билдирди.

Эки өлкөнүн Премьер-министрлери чек ара маселелерин чечүүдө күч ыкмаларын колдонууга жол берилбеши тийиштигин жана мындан ары карай чыр-чатакты ырбатууга жол бербөө максатында  ыкчам чараларды кабыл алуу зарылдыгы боюнча бирдиктүү пикирин билдиришти.

Өкмөттүн маалымат кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх