Сыймык Жапыкеев:Кудай сактасын согуш күчөп кетсе бирибиз калбай чыгабыз
Ысык-Көл облусунун мурдагы прокурору Тажикстан менен чек арада болгон чыр-чатак боюнча комментарий берди
Согуштун себеби - Улукбек Марипов ойлонбостон тажик жери деп атаган Головной суу бөлүштүрүүчү пункту. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун мурдагы прокурору Сыймык Жапыкеев Facebook баракчасында билдирди.
Анын айтымында, бул көйгөйдү Коопсуздук Кеңеши, Башкы штаб, Коргоо министри, УКМК, Чек ара кызматы жана башка укук коргоо органдары чечиши керек.
"Урматтуу Кыргыз Элим, азыр паникага тушпөй, тынчтанып турсак. Орозо маалында эки мусулман элдердин согушканы жакшы эмес.
Согуштун башы "Головной" суу өткөрмөсу талашка тушту. Аны У.Марипов ойлонбой Тажиктердики деп айтканы бар. Тажиктер КР ПМ айтты деп тилден алышкан. Согуш чыкты.
Баары эле Курсант Асановду , мени Генералдар барбайсынарбы деп кекеткендер бар, достор биз барып эмне таш менен согушабызбы? Совбес, Генштаб, Коргоо министри, УКМК, погран служба жана башка күч органдары жөнгө салышсын. Алар эмне кылышат?
Биз согуштан качпайбыз, турабыз. Кудай сактасын согуш кучөп кетсе бирибиз калбай чыгабыз. Азырынча бийлик чечсин. Эки тараптын Президенттери, ӨкмӨт башчылар, посолдор суйлошсун.
Согуш эки элге тен кереги жок, согуштан кыргыз коркпойт. Бирок кереги жок согуштун."-дейт Жапыкеев.
фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз