Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Саламаттыкты сактоо министрлиги: кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан 46 жабырлануучу катталды

Жаңы өлүм фактылары катталган жок

Акыркы маалыматтар боюнча, кыргыз-тажик чек арасындагы окуянын кесепетинен жабыркаган 46 адам катталды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

"Жабыркагандардын жалпы саны 46 адам: алардын бири өлүм менен коштолгон , бири амбулатордук жардам, 44ү ар кандай огунан жаракат алып, денесинин ар кайсы жеринен жаракат алып Баткен облусунун саламаттыкты сактоо уюмуна жаткырылды"деп  министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, ушул жылдын 28-апрелинде тажик тарап Головной суу бөлүштүрүүчү пунктунун жанындагы Көк-Таш айылына видео көзөмөлдөөчү камераларын орнотууну баштаган. Тургундар орнотулган камераларды алып салууну талап кылышкан, бирок кийинчерээк эки тарап тең бири-бирине таш ыргытышкан.

Бүгүн, 29-апрелде чек арада атышуу башталды.

Канышай Балкыбекова
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх