Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Коопсуздук кеңешинин катчылыгы: Кыргызстандын айрым айылдарын басып алуу жөнүндө маалымат чындыкка дал келбейт

Президенттин аппараты жалган маалымат таратпоону суранат

Кыргызстандын Коопсуздук Кеңешинин катчылыгы акыркы күндөрү мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик бөлүгүндө болуп жаткан окуялардын фонунда "Баткен районунун аймагында жайгашкан айрым айылдарды басып алган" деген социалдык тармактарда тараган маалыматтарды четке кагууда.

«Бул маалымат жалган жана ачык чагымчыл. Учурда эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтеринин деңгээлинде саат 20.00дөн баштап толугу менен ок атышууну токтотуу жана аскер күчтөрүн мурдагы жайгаштырылган жерлерине алып кетүү боюнча келишим түзүлдү. Буга байланыштуу биз дагы бир жолу жарандарды текшерилбеген маалыматтарга ишенбөөгө жана жалган маалыматтарды таратпоого чакырабыз ”, - деди Коопсуздук Кеңешинин катчысынын биринчи орун басары Замирбек Надырбеков.

Ошол эле учурда, президенттин аппаратынан Душанбе шаарында өткөн ЖККУга мүчө мамлекеттердин Коопсуздук кеңештеринин катчылар комитетинин жыйынына катышуунун алкагында Коопсуздук Кеңешинин катчысы Рыскелди Мусаев менен Тажикстандын Коопсуздук Кеңешинин катчысы Насрулло Махмутзода жолугушту, анда чек ара маселелерин чечүү чаралары талкууланды.

Президенттик аппараттын маалымат саясат бөлүмү
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх